Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясы
2016-жылдын 04-февралы № 24-3
Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылында жайгашкан, Ноокат районундагы «Ноокатавтотранс» АО караштуу автобазанын ордунан менчиктештирилген, Боронова Апизанын менчиги болгон 0,65 га жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылында жайгашкан, мурдагы АО «Ноокатавтотранс» караштуу автобазанын тереториясынан, автобаза жоюулуп жаткан учурда 2004-жылынын 21-июнундагы №7 протоколунун, 2004-жылдын 24-июунундагы «Ноокатавтотранс» АО коомунун директорунун № 18 буйругунун жана 2004-жылдын 23-июлундагы №1224 сату сатып алуу келишиминин негизинде, акционердик коомдун мүчөсү Боронов Дооронга, навестердин орду 640 ч.м. жана навестердин айланасында жайгашкан 5860 ч.м. жер аянтын, бардыгы болуп 6500ч.м. жер тилкесин менчикке берген. Ал жерлерди бир канча жылдары Боронов Доорон комерциялык багытта –мал базары кылып иштетип келген. 2013-жылдын 20-сентябрында Боронов Доорон дүйнөдөн кайтыш болуп, 2014-жылдын 15-сентябрындагы №2085 мурастоо келишиминин негизинде КР мыйзамдарына ылайык аталган жер участкасы, маркумдун өмүрлүк жары Боронова Апизага мурас болуп өткөн. Мураскор Боронова Апиза аталган жер аянтынын мурдагы багыты боюнча иштеткени шарты жоктугун жана ал жерлердин балдарына турак-жай куруу үчүн бөлүп берерин билдирип, жогорудагы жердин багытын турак-жай куруу үчүн өзөгөртүп берүү сунушу менен арыз аркалуу Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнү кайрылган, бул маселени мыйзам негизинде карап чечип берүү жагын сурап айылдык кеңештин кароосуна киргизилип, атуул Боронова Апизанын арызын мыйзам негизинде карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3гл. 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн № 1,15 бөлүмчөлөрүнүн № 6гл. №47 беренесинин 6,8-бөлүмчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (тансформациялоо)» жөнүндөгү 2013-жылдын 30-июлундагы №145 мыйзамынын 3гл. 20-беренесинин № 1-бөлүмүнүн талаптарын,Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2015-жылдын 16-декабрындагы № 179/15 сандуу корутундусу ,2005-жылдын 29-ноябрындагы № 2050 сан менен катталган мамлекеттик акты, 2014-жылдын 15-сентябрындагы №2085 мурастоо келишими жана атуул Боронова Апизанын берген жеке арызына негиз, Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Атуул Боронова Апизанын арызын негизинде 6500,0 ч.м.өндүрүш багытындагы жер тилкесинин багыты турак-жай куруу үчүн өзгөртүлсүн.
2. Ноокат райондук кыймылсыз мүлккөө болгон укуктарды каттоо башкармалыгынан, багыты өзгөртүлгөн жер тилкелеринин, өзгөртүлгөн багыты боюнча кайрадан каттап берүү жагы суралсын.
3. Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан курулушу көздөлүп жаткан турак-жайлардын жерге жайгаштыруу иш-кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы жана жер адиси Ю.Сайтбаевке тапшырылсын.
5. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү түрүктүү комиссиясынын мүчөлөрүнө тапшырылсын.
Төрага | Н.Халбуваев |