Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясы
2016-жылдын 04-февралы № 24-4
Мирмахмудов айыл аймагынын «Кара-Кокту айылынын түргүндарынын, айылда жайгашкан эски «Эрке-Кашка» мечиттин имаратынын жараксыз абалга келип калгандыгы себептүү, эски мечиттин ордуна кайрадан жаңы мечиттин имаратын куруу боюнча 2016-жылдын 3-февралындагы жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө
Мирмахмудов айыл аймагынын Кара-Кокту айылынын түргүндарынын жамааты 2016-жылдын 3-февралындагы, айылда жайгашкан эски «Эрке-Кашка» мечиттин имаратынын жараксыз абалга келип калгандыгы себептүү, эски мечиттин ордуна кайрадан жаңы мечит куруу боюнча демилге менен кайрылган. Жогоруда аты аталган мечит өткөн кылымдын 1991-жылдары эл ашар жолу менен, фундаментин жана дубалын таш жана топурак менен пакса дубал кылып курулганын, азыркы күнгө келип, мечиттин абалы авриялык абалга келип калып, мечиттин ичине кирип намаз окуганы элдер коопсурапкалган, Кара-Кокту айылынын жамааты өз демилгеси менен, жамааттан чогулган каражаттын эсебинен эски мечиттин ордуна жаңы заманбап имаратты куруп алышса, өздөрүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, дин эркиндигинин негизинде кудайга сыйынуу үчүн мечиттин имаратын куруп алганы аракет кылышкан болсо, жогорудагы демилгени мыйзамдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл. № 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн № 2,15-бөлүмчөлөрүнүн талаптарына таянып Мирмахмудов айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мирмахмудов айыл аймагынын Кара-Кокту айылынын жамаатынын арызы канаттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл. 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн №1,2 ,15 бөлүмчөлөрүнүн талаптары аткарүүгө жана жетекчиликке алынсын.
3. Мирмахмудов айылдык аймагынын Кара-Кокту айылынында жайгашкан «Эрке-Кашка» мечитинин жамаатынын 2016-жылдын 3-февралындагы жалпы жыйынын протоколу бекитилсин.
4. Мирмахмудов айыл аймагындагы диний мекемелерди каттоого алуу жана алардын ишмердигин тартипке салуу максатында «Эрке-Кашка» мечитинин жерге жайгаштыруу боюнча иш-кагаздарына, сунушталган долбоорго карата керектүү өзгөртүүлөр киргизилип даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы жана жер адиси Ю.Сайтбаевке тапшырылсын.
6. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө тиешелүү түрүктүү комиссиянын мүчөөлөрүнү жүктөлсүн.
Төрага | Н.Халбуваев |