Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясы
2016-жылдын 04-февралы № 24-5
Мирмахмудов айылдык Кеңешинин атуул Абдирахманов Хабибилло Абдиллажановичтин сатып алган 36,0 ч.м жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын № 3 гл.,10- беренесинин -24 бөлүмү, 3 гл. №18-беренесинин № 1-бөлүмүнүн, 1-15 бөлүмчөсүнүн, 6 гл. , № 47-беренесинин 6,8-бөлүмүнүн талаптарына таянып, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2012 –жылдын 6- апрелиндеги №189/45 сандуу Архитектуралык пландоо шарттарынын, №11/94 сандуу жумушчу долбоордун, 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 131/12сандуу обьекттин ишке киргизүү жөнүндөгү актынын, 2009-жылдын 24-июлундагы №2009/6607 сандуу мамлекеттик актынын негизинде кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өзалдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын № 3 гл.,10- беренесинин -24 бөлүмү, 3 гл. №18-беренесинин № 1-бөлүмүнүн, 1-15 бөлүмчөсүнүн, 6 гл. , № 47-беренесинин 6,8-бөлүмүнүн талаптарына таянып, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2012 –жылдын 6- апрелиндеги №189/45 сандуу Архитектуралык пландоо шарттарынын, №11/94 сандуу жумушчу долбоордун, 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 131/12сандуу обьекттин ишке киргизүү жөнүндөгү актынын, 2009-жылдын 24-июлундагы №2009/6607 сандуу мамлекеттик акты негизинде атуул Абдирахманов Хабибилла Абдиллажановичке тиешелүү болгон 36,0 ч.м. курулуш куруу багытындагы жер участкасынын, багыты навайкана жана комерциялык дүкөн куруу үчүн өзгөртүлсүн.
2. Өзгөртүлгөн 36,0 ч.м. жерине, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан архитектуралык иш-кагаздарына өзгөртүүлөр киргизип берүү жагы суралсын.
3. Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо мекемесинен багыты өзгөртүлгөн жер учаткасынын жерге жайгаштыруу иш-кагаздарына киргизилген өзгөртүүлөрдү каттап берүү жагы суралсын.
4. Атуул Абдирахманов Хабибилла Абдиллажановичке, багыты өзгөртүлгөн жер аянтынын жер салыгы, социалдык төлөмдөрүнүн төлөө жана статистик маалыматтарына кирген өзгөртүүлөрүн каттатуу жагы милдеттендирилсын.
5. Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы жана жер адиси Ю.Сайтбаевке тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө тиешелүү түрүктүү комиссиянын мүчөөлөрүнү жүктөлсүн.
Төрага | Н.Халбуваев |