Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясы
2016-жылдын 04-февралы № 24-7
Киров айылынында жайгашкан, атуул Сатыбалдиев Хошиятилла Нематиллаевичтин сатып алган 2100,0ч.м. сугат үлүш жерин жер баланысына киритүү жөнүндөгү
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өзалдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын № 3 гл.,10- беренесинин -24 бөлүмү, 3 гл. №18-беренесинин № 1-бөлүмүнүн, 1-15 бөлүмчөсүнүн, 6 гл. , № 47-беренесинин 6,8-бөлүмүнун талаптарын, Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»-нин 1-гл,6-беренесинин 1-бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жыл 13-августындагы №427 токтому менен бекитилген «айыл чарба жерлерин сатуу-сатып алуу» жөнүндөгү жобоосунун талаптарына таянып, Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Киров айылынында жайгашкан, атуул Сатыбалдиев Хошиятилла Нематиллевич сатып алган 2100,0ч.м. сугат үлүш жеринин, жер балансына киритилсин.
2. Атуул Сатыбалдиев Хошиятилла Нематиллевичке тиешелүү болгон 2100,0 ч.м., идентификациялык коду; 5-05-14-0021-0618 болгон сугат айдоо үлүш жер 2015-жылдын 30-октябрында № 2015/16526 сан менен катталган кыймылсыз мүлктү сатууу-сатып алуу келишимине негиз, менчик болуп өткөндүгү тастыктансын.
3. 2015-жылдын 30-октябрында № 2015/16526 сан менен катталган кыймылсыз мүлктү сатууу-сатып алуу келишиминин негизинде сатып алынган сугат айдоо жердин, жерге жайгаштыруу иш-кагаздарын даярдатып,чарбалык субьект катары тизмеге киритүү жагы сатып алуучу Сатыбалдиев Хошиятилла Нематиллаевичке милдеттендирилсин.
4. 2016-жылдын январь айынан баштап сатып алынган жерге төлөнүүчү жер салыгы, социалдык төлөмдөрдү төлөп баруу жагы Сатыбалдиев Хошиятилла Нематиллаевичке милдеттендирилсын.
5. Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат райондук башкармалыгынын, Ноокат райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнөн ушул токтомдун негизинде жаңы салык толоочу субьект катары каттап берүү жагы суралсын.
6. Токтомдун аткарылышын Мирмахмудов айыл өкмөиүнүн башчысы Ш.Гафаров, айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаев жана айыл өкмөтүнүн салык кызматынын башчысы Т.Мирзакаримовдорго тапшырылсын.
7. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө тиешелүү түрүктүү комиссиянын мүчөөлөрүнү жүктөлсүн.
Төрага | Н.Халбуваев |