Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясы
2016-жылдын 04-февралы № 24-8
АРИС программасы тарабынан жарыяланган конкурск шарттарын камсыздоо жөнүндө
АРИСтин ПСИ-3 долбоорунун талаптары боюнча 20 000 долллар чээгиндеги микро долбоорлор кабыл алынат, бирок долбоордун жалпы баасы аталган суммадан ашып кетсе жергиликтүү бюджеттин же коомчулуктун эсебинен каржыланышы зарылдыгы көрсөтүлгөн.
АРИСтин ПСИ-3 долбоорунун талаптарын аткаруу максатында Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мирмахмудов айыл өкмөтү тарабынан АРИСтин ПСИ-3 долбоорунун конкурсуна катышуу иштери уюштурулсун.
2. Мирмахмудов айыл өкмөтү тарабынан долбоордук сунуш даярдалсын, Мирмахмудов атындагы толук эмес орто мектебинин чатырын жабуу үчүн түзүлгөн долбоорго жергиликтүү бюджет эсебинен 199 402 (бир жүз токсон тогуз миң төрт жүз эки ) сом акча каражаты ажыратыб берилсин.
3. Даярдалган долбоордук сунуштун сметалык баасынын ашыкча бөлүгү жергиликтүү бюджет тарабынан каржылануусу айыл өкмөт башчысы жана финанс бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Халбуваев |