Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-майы № 4/2
“Чүй айыл өкмөтүнүн 2017 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралу”
Чүй айыл өкмөтүнүн каржы - экономика бөлүмүнүн башчысы А. Малдыбаеванын “2017 – жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү тууралу маалыматын” угуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 – беренеси, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн 2017 – жылга карата сметалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы 31493,6 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен:
Жергиликтүү бюджеттен – 27078,0 миң сом.
Атайын эсептен – 3965,6 миң сом.
Жайыт комитетинен - 450,0 миң сом
2. Чүй айыл өкмөтүнүн 2017 – жылга сметалык бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн суммасы – 31493,6 миң сомго бекитилсин.
3. 2017-жылга Чуй айыл өкмөтүндө келишимдин негизинде ишке тартылган адамдардын эмгек маянасына 2016-жылдын бюджетинин калдыгынын эсебинен жергиликтүү бюджетинен 267,6 миң сом жана атайын эсепте калган 44,5 миң сом акча каражатынын калдыгын төлөп берүүгө макулдук берилсин.
4. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин бюджет, каржы комитетинин төрайымы А. Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З. Амангельдиев |