Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-майы № 4/3
“Чүй айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык - экономикалык өнүгүү программасын бекитүү тууралу”
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Шакеевдин “2017- жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүү программасы” тууралу маалыматын угуп, сунушталган долбоордогу иш-аракеттерди талкуулап жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 – беренесине ылайык, Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чүй айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык – экономикалык өнүгүү программасынын долбоору кабыл алынсын жана бекитилсин.
2. Чүй айыл өкмөтүнүн башчысына (Шакеев Ж.М.):
3. 2017 – жылга кабыл алынган жана бекитилген “Социалдык – экономикалык өнүгүү программасынын” өз убагында жана толугу менен аткарылышын камсыз кылуу иши милдеттендирилсин.
4. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык Кеңешинин бюджет, каржы комитетинин төрайымы А. Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З. Амангельдиев |