Редакцияот 31.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 04-майы № 4/7

“Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт Комитетинин 2017 – жылга бюджетин бекитүү жөнүндө”

Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт Комитетинин төрагасы Дж. Бекжановдун 2017 – жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана жайыт пайдалануучулардын 2017-жылдын 15 - февралындагы жыйналышынын чечимин негиз кылып, Чүй айылдык Кенешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 – беренесине ылайык Чүй айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт Комитетинин 2017 – жылга бюджетинин суммасы 450300 сомго бекитилсин. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү Токтомго кошумча тиркелет.

2. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык Кеңешинин бюджет, каржы комитетинин төрайымы А. Иманалиевага, Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт Комитетинин төрагасы Дж. Бекжановго жүктөлсүн.

 

Төрага

З. Амангельдиев