Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-майы № 4/8
“Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт Комитетинин 2017 – ж. жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү тууралуу”
Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт Комитетинин төрагасы Дж. Бекжановдун 2017 – ж. жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү тууралуу маалыматын угуп жана жайыт пайдалануучулардын 2017-жылдын 15 - февралындагы жыйналышынын чечимин негиз кылып, Чүй айылдык Кенешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 – беренесине ылайык Чүй айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн ички жана тышкы жайыттардын 2017 - жылга мал жаюга пайдалануу үчүн малдын түрүнө жараша төмөндөгүдөй баа бекитилсин:
№ | Малдын түрү | Бир башка төл.баа |
1 | Кой - эчки | 22,90 |
2 | Бодо мал | 114,5 |
3 | Чоң жылкы | 114,5 |
4 | Бодо жаш мал | 80,15 |
5 | Жаш жылкы | 80,15 |
2. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык Кеңешинин бюджет, каржы комитетинин төрайымы А. Иманалиевага, Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт Комитетинин төрагасы Дж. Бекжановго жүктөлсүн.
Төрага | З. Амангельдиев |