ЧУЙ АИЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31 майы № 4/9
“Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт Комитетинин 2017 – ж. жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү тууралуу”
Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт Комитетинин төрагасы Дж. Бекжановдун 2017 – ж. жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү тууралуу маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын 26.01.2009-ж. № 30 "Жайыттар жөнүндөгү" Мыйзамынын 11 беренесинини 1 бөлүгүнүн негизинде, Чүй айылдык Кенешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 – беренесине ылайык Чүй айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды башка багытка пайдалангындыгы, жайыттырдан кенди изилдөө иштерин жүргүзгөндүгү үчүн ТК ЗАО"Георесурс" ишканасына 126 га жайыт жерине ар бир гектарга жайыт акысы үчүн 1000 (миң) сом акча каражатын төлөө бекитилсин.
2. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык Кеңешинин бюджет, каржы комитетинин төрайымы А. Иманалиевага, Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт Комитетинин төрагасы Дж. Бекжановго жүктөлсүн.
Төрага | З. Амангельдиев |