Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 7
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитуу, 2018-2019 жылдарга карата долбоорун кароо жонундо
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитуу, 2018-2019 жылдарга карата долбоорун кароо жонундо маселе айылдык кенешинин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Кызыл-Тоо айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2016-жылы Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 8626,7 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 8089,0 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин (№1 тиркеме).
2. 2017-жылга Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 8318,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин (№2 тиркеме).
3. Айыл өкмөтүнүн 2018-2019 жылдарга жактырылган болжолдуу корсоткучтору №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин. 2017-жылга чегеруулордун ченемдери томонкулордон белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктан тушуулордон: салык агенти тарабынан толонуучу киреше салыгынан жана айылдардын жергиликтуу бюджеттери учун сатуудан тушкон салыктан – 50% өлчөмүндө
б) бирдиктуу салык негизинде тушуулордон, ыктыярду жана милдеттуу патент негизиндеги салыктардан жергиликтуу бюджетке – 100% өлчөмүндө
в) жер казынасын пайдалангандыгы учун салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтын, мунай, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелуу бюджеттерине-50% өлчөмүндө
г) жер казынасын пайдалануу учун салыктан (бонустар) республикалык бюджетке – 100% өлчөмүндө белгиленсин.
4. Жергиликтуу салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан тушуучу жергиликтуу бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
5. Мыйзам менен каралган укуктардын чектеринде – жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтуу бюджеттердин кирешесин кобойтуусу 2016-жылдын 30-ноябрындагы КР Жогорку кенеши тарабынан кабыл алынып, мыйзам менен бекитилген 2017-2019-жылдарга тендоочу гранттардын олчомдорун озгортуу учун негиз болуп саналбасы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жонундо Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 72,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Айыл өкмөтүнүн 2017-2019 жылдарга жергиликтуу бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттуу медициналык камсыздандырууга чегеруулор), коммуналдык кызматтык (электр энергия, комур, суу) боюнча жузого ашыруу сунушталсын.
8. Айыл өкмөтүнүн тендоочу гранттарды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтык корсотуулор боюнча чыгашалар каржылоого багытталсын.
9. Республикалык бюджеттен тендоочу гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат корсотуулор боюнча чыгашаларды толук каржылоо учун айыл окмоттору жоопкерчилик тартары белгиленсин.
10. Айыл окмоту тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелуу бюджеттерге ондуруп алынаары эске алынсын.
11. Казына системасын четтеп отуу менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыйюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100%ы Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
12. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жургузулгон накталай акча каражаты 2017-жылдын 1-январына карата 100,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
13. Айыл окмоттун 2016-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө белгиленип, каржыланбай калган каражаттар 2017-жылдын бюджетин аткаруу чегинде айыл окмоттун зарылчылыгына каржылоо сунуш кылынсын.
14. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык кенештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Кадырбеков |