ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)
2017-жылдын 19-майы № 1
«Кезектеги депутатты чакырып алуу жөнүндө»
№2-сегиз мандаттуу Кыш-Абад шайлоо аймагы боюнча депутат болуп шайланган Атабаев Уланбек Камилжановичтин турмуш шартына байланыштуу депутаттык мандатын тапщыруусу жөнүндөгү арызын карап, кезектеги депутатты чакырып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 22-24 жана 31-беренесне ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Атабаев Уланбектин өз арызы менен депутаттык мандатын тапшыргандыгына байланыштуу кезектеги депутат чакырып алынсын.
2. Кезекте турган депутаттыкка талапкерге мандат берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Беделов. А |