Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)
2017-жылдын 19-майы № 6
Отуз-Адыр айылдык аймагы менен «Тоо коомдоштуктарын өнүктүрүүнү колдоо коомдук фонду (MSDSP KG коомдук фонду) ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде учурдагы жардам катары грант акча каражаты 24-апрель 2017-жылы 72064998сом Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн атайын каражат счетуна келип түшкөндүгүнө байланыштуу бул каражатты бюджеттин киреше жана чыгаша планына кошуу жөнүндө, ж.б киреше, чыгаша бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин №115-беренесинин 4-бөлүмчөсүнө негиздеп бюджет жөнүндөгү ченемдик актыга 01-июнга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. MSDSP KG коомдук фонду тарабынан Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн атайын каражат счетуна 24-апрель 2017-жыл келип түшкөн акча каражаты учурдагы жардам гранты 72064998сом 2017-жылдагы бюджеттин киреше планына кошулсун.
2. Ош-Бишкек авто жолун бойлото Отуз-Адыр айыл аймагындагы көчө чырактарын орнотуп бүткөрүү иштерине 607390,0 сом атайын каражат эсебинен бөлүнсүн.
3. «Назик гүлү» балдар бакчасынын имаратында ички туалеттин куруп бүтүрүү иштерине 113210,0 сом атайын каражат эсебинен бөлүнсүн.
4. Кыргыз Республикасынын ПЖ №17 01-январь 2017-жыл жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №131 01-март 2017-жыл токтомунун негизинде, муниципалдык кызматчынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө:
5. Муниципалдык кызматчыга класстык чендери үчүн үстөктөрдүн өлчөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу №1 тиркеменин негизинде
- ЖКХ 70111 бөлүмүнүн 103,6 миң.сом каржылоого кошулсун.
- ЖКХ 70629 бөлүмүнүн 3111 статьясынан 103,6 миң.сом кыскартылсын
6. Башкаруу аппаратында имаратты учурдагы оңдоо статьясын каржылоо 35,0 миң.сомго кыскартылсын.
7. Отуз-Адыр аймактык милиция бөлүмүнүн имаратын учурдагы оңдоого 70629 бөлүмүнүн 2221 статьясына 35,0миң.сом каржылоого кошулсун.
8. Жайыт тармактар бөлүмүнө жайыт комитетинин чыгымдарын каржылоого 30,7 миң.сом кошулсун. Чыгаша бөлгүнүнүн каражатын 3/1 бөлүгү бюджетке, 3/2 бөлүгү жайыт комитетинин чыгымдарына жүргүзүлсүн.
9. Комиссиянын кортундусу менен төмөндөгүдөй бюджетке өзгөртүүлөр киргизилсин.
- ЖКХ №70629 бөлүмүнүн столба алуудан каржылоодон кыскартылсын 503,6 миң.сом .
- Көчө чырактарын орнотууга кошумча жумуштарды каржылоого кошулсун 200,0 миң.сом.
-Аллеяга брусчатка басууну бүткөрүүгө 200,0 миң.сом каржылансын.
-Үстөк төлөө үчүн 103,6 миң.сом каржылансын.
Айыл чарбасынан №70921 бөлүмүнөн 68,0 миң.сом кыскартылсын.
- Муниципалдык ишканалардын жана көчө чырактарынын электр эсептегиштерине щит жасоо үчүн ЖКХ га №70629 бөлүмүнө 68,0 миң.сом кошулсун.
10. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Т.Туйбаев)
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (С.Алдраков.)
Төрага | Беделов. А |