Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)
2017-жылдын 19-майы № 8
«Ош-Бишкек автожолун бойлото көчө чырактарын орнотууда жана Отуз-Адыр айылындагы аллеяга брусчатка басууда проектте каралгандан ашыкча аткарылган иштердин көлөмүн аныктоо жана аталган иштер үчүн акча каражатын төлөп берүү маселесин чечүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө Ош-Бишкек автожолун бойлото көчө чырактарын орнотууда жана Отуз-Адыр айылындагы аллеяга брусчатка басууда проектте каралгандан ашыкча аткарылган иштердин көлөмүн аныктоо жана аталган иштер үчүн акча каражатын төлөп берүү маселесин чечүү боюнча комиссия курамы түзүлсүн.
2. Ош-Бишкек автожолун бойлото көчө чырактарын орнотууда жана Отуз-Адыр айылындагы аллеяга брусчатка басууда проектте каралгандан ашыкча аткарылган иштер үчүн акча каражатын тиешелүү ишканаларга төлөп берүү комиссиянын чечимине ылайык жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (С.Алдраков.)
Төрага | Беделов. А |