Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)
2017-жылдын 19-майы №10
«Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылындагы «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы 112,37 га жер аянтын «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонунун жерлери жана башка жерлер» категориясына которуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмотунун 2014-жылдын 1-мартындагы № 169 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү» токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык, ошондой эле Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 21-сентябрындагы корутундусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылындагы 72,46 га суулуу айдоо (үлүш ээлеринин макулдугу менен) жана кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги 39,91 га кайрак айдоо жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер» категориясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн которуусуна макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Атабаев)
Төрага | Беделов. А |