Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)
2017-жылдын 19-майы №11
«Отуз-Адыр айыл аймагынын «Фархад» айылына мечит куруу маселеси жөнүндө»
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Абдилазиз уулу Абдимиталдин Фархад айылына мечит куруу маселеси жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фархад айылына мечит куруу үчүн Кыргызстан Мусулмандар Диний Башкармасынын Ош облустук казыятынан макулдук кат алынсын.
2. Берилген макулдук каттын негизинде иш алып баруу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. (Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Атабаев)
Төрага | Беделов. А |