Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)
2017-жылдын 19-майы №12
« Муниципалдык менчикте турган соц. объекттердин кайсыл бир бөлүгүн иштеткендиктери үчүн ижара акы төлөмүнүн өлчөмүн коюп берүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмүн жогорулатуу максатында максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бильярд жайгашкан залды пайдалануучу ижарачылар бир жылдын беш айына (сезонго) ижара акы төлөшсүн, ижара акы айына 3,0 миң.сомду түзсүн.
2. Пластик эшик, терезе чыгаруучу цех жайгашкан залды пайдалануучу ижарачылар айына 2,0миң.сом өлчөмүндө ижара акы төлөшсүн.
3. Күрөш залын пайдалануучулар өздөрүн-өздөрү каржылашсын, ижара акы төлөмүнөн бошотулсун.
4. Ветаптека жайгашкан бөлмөнү пайдалануучу ижарачы айына 0,5 миң.сом өлчөмүндө ижара акы төлөсүн, ошол бөлмөнү ремонттоого чыгымдалган акча каражаты жабылмайынча ижарачыдан ижара акы алынбасын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын (Т. Туйбаев).
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (С.Алдраков.)
Төрага | Беделов. А |