Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 04-ноябры № 25/2
“Кок-Жар-Сай” көпүрөсүнүн курулушуна төлөнбөй калган акча каражаттарын өндүрүү жөнүндөгү жана “Стройдизайн-К” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын директору К.Ишбаевдин 23.07.2016-жыл № 5 сандуу каты жөнүндө
“Кок-Жар-Сай” көпүрөсүнүн курулушуна төлөнбөй калган акча каражаттарын өндүрүү жөнүндөгү жана “Стройдизайн-К” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын директору К.Ишбаевдин 23.07.2016-жыл №5 “Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 670.000 сом акча каражатын төлөбөй жүргөндүгү жөнүндөгү ” катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кок-Жар-Сай” көпүрөсүнүн курулушуна чыгымдалган акча каражаттары жөнүндө Кара-Кулжа айыл өкмөтү, “Стройдизайн-К” жоопкерчилиги чектелген ишканасы жана Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмеси 3 (уч) тараптуу эсептоо АКТсын түзүшсүн.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн, “Стройдизайн-К” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын жана Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 3 (уч) тараптуу эсептөө АКТсын туруктуу комиссияда карап, чечимин кийинки сессияга сунуштоо жагы депутаттардын Кара-Кулжа айыл Кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Токтомушовго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара –Кулжа айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн .
Төрага | Т.Абдыкадыров |