Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин жыйырма бешинчи сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 04-ноябры № 25/3
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (V шайланган) жыйналышынын 24.08.2013-жыл № 5 \ 8 «Кара-Кулжа айылында жайгашкан толуп калган мүрзоо-жайга 3 (уч) гектар жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (V шайланган) жыйналышынын 24.08.2013-жыл № 5 \ 8 «Кара-Кулжа айылында жайгашкан толуп калган мүрзөө-жайга 3 (уч) гектар жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.«Тынчтык» (мурунку Парк-Мира) атындагы бактын түштүк -батыш тарабынан 3.0 га жер аянты мүрзөө-жайга бөлүнүп берилсин.
2.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Пазылов:-
-«Тынчтык» (мурунку Парк-Мира) атындагы бактын түштүк-батыш тарабынан 3.0 га жер аянты мүрзөө-жайга бөлүнүп берилгендиктен ижарачы Р.Кадырбердиев менен жаны келишим түзсүн.
-Жер аянтын бир категориядан башка категорияга (трансформациялансын) которуу боюнча тийиштүү документтерин жана иш-кагаздарын даярдасын.
-Бөлүнгөн жер аянтынын укук берүүчү документтерин даярдасын.
-Мүрзөө–жайдын карта-схемасын, автоунаа өтүүчү жолду даярдап, шарттарын жакшыртуу, тегерегин тосуу ички каналдын устунон копуро куруу аракеттерин корсун.
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин торагасынын орун басары А.Мойдуновага жана депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын торагасы А.Токтомушовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдыкадыров |