Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин жыйырма бешинчи сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 04-ноябры № 25/4
Кара-Кулжа айыл аймагындагы Кара-Кулжа айылынын Ч.Пазылов атындагы көчөдө жайгашкан мурунку райондук прокуратура кызматкерлеринин “кызматтык турак уй” имараты жана жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө ” мыйзамынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тарибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүнө ылайык Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1.Кара-Кулжа айыл аймагындагы Кара-Кулжа айылынын Ч.Пазылов атындагы көчөдө жайгашкан мурунку райондук прокуратура кызматкерлеринин “кызматтык турак уй” имараты жана жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Ч.Пазылов атындагы көчөдө жайгашкан мурунку райондук прокуратура кызматкерлеринин “кызматтык турак үй” имаратын жана жер антын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүүгө укуктук ченемдик актыларын даярдап берүү, кызматтык турак үйдүн техникалык паспортун жасап берүү жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Пазыловго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара –Кулжа айылдык кеңешинин торагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн .
Төрага | Т.Абдыкадыров |