Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин жыйырма бешинчи сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 04-ноябры № 25/6
Кара-Кулжа айыл аймагындагы таза-суу керектөөчүлөргө септик суу тундурма курууга жана суу сордуруучу кудуктарды (скважиналарды) калыбына келтируу багытындагы долбоорго өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа айыл аймагындагы таза-суу керектөөчүлөргө септик суу тундурма курууга жана суу сордуруучу кудуктарды (скважиналарды) калыбына келтирүү багытындагы долбоорго өздөк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Пазыловдун 03.11.2016-жыл № 213 сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кулжа айыл аймагындагы таза-суу керектөөчүлөргө септик суу тундурма курууга жана суу сордуруучу кудуктарды (скважиналарды) калыбына келтируу багытындагы долбоорлор сапаттуу адистер тарабынан даярдалсын.
2. Адистер тарабынан даярдалган сапаттуу долбоорду карап, туруктуу комиссиянын чечимин кийинки сессияга сунуштоо жагы депутаттардын Кара-Кулжа айыл Кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы А.Токтомушовго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн .
Төрага | Т.Абдыкадыров |