Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин жыйырма бешинчи сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 04-ноябры № 25/7
Карышкыр жана чоо атууга сыйлык катары акча каражатынын коломун белгилеп берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Карышкыр атууга 6000 сом жана чоо атууга 2000 сом сыйлык катары акча каражаты бекитилсин.
2. Атылган карышкырды жана чоону тастыктап, чыгыш АКТ сын даярдап чыгыштоого төмөндөгү жумучу курам бекитилсин:-
1. К.Султанов:-№ 1 тогуз мандаттуу 1-Май шайлоо округунун депутаты.
2. Ч.Осмонов:-№ 3 алты мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунун депутаты.
3. А.Токтомушов:-№ 4 алты мандаттуу Биймырза шайлоо округунун депутаты.
4. Т.у.Нурмат:-№ 4 алты мандаттуу Биймырза шайлоо округунун депутаты.
5.Т.Таштанбеков-айыл окмотунун ветеринардык адиси.
6.С.Кудайбердиев- Биймырза айылынын айыл башчысы.
7.Т.Бакыев- Сары-Камыш айылынын айыл башчысы.
8. Э.Алиев-1-Май айылынын айыл башчысы.
9. А.Бегимканов-ЖПБ нин төрагасы.
3. Жумушчу курам Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министири тарабынан чөө, карышкыр атууга белгиленген эрежелерди жетекчиликке алышсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Токтомушовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдыкадыров |