Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин жыйырма бешинчи сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 04-ноябры № 25/10
Кыргыз Республикасынын Ош шаардык жана Ош облусу боюнча юстиция башкармалыгы менен Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү ” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик кызматтардын чектелген айрым укуктарын берүү жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Ош шаардык жана Ош облусу боюнча юстиция башкармалыгынын мамлекеттик нотариалдык иш аракеттерди жүргүзүү боюнча керээз каттарды, ишеним каттарды куболондуруу, мурастык мүлктөрдү коргоого алуу, документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү жана документтерге коюлган кол тамгаларды аныктоо боюнча жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитилсин.
2. Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдыкадыров |