Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30- майы № 7/21
Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн Элдик Курултайын чакыруу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 59–беренесине жана Кызыл–Кыя шаарынын Уставынын 7–главасынын 31–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн Элдик Курултайын чакыруу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн VI чакырылышынын I Элдик Курултайы 2017–жылдын 3–июлу дүйшөмбү күнү саат 1000 гө чакырылсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн VI чакырылышынын I Элдик Курултайын өткөрүү боюнча шаардык штабдын курамы бекитилсин (№1 тиркеме тиркелет).
3. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн VI чакырылышынын I Элдик Курултайынын күн тартибине төмөнкү маселелер сунушталсын:
4. Кызыл–Кыя шаарынын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы №1 “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө;
6. Кызыл–Кыя шаарынын аймагында улуттук үрп адаттарды, элдик каада салттарды жана коомдук тартипти жөнгө салуу жөнүндө.
7. Шаардык Курултайга катышууга жергиликтүү жамааттардын 16 жаштан жогорку 100 мүчөсүнөн 1 делегат шайлансын.
8. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн VI чакырылышынын I Элдик Курултайы шаардын маданият үйүндө өткөрүлсүн.
9. Элдик Курултайга шаардык Курултайдын делегаттары, Караван аймактык башкармалыктын активдери, мекеме, уюм, ишкана жана окуу жайлардын жетекчилери, айыл башчылар, кварталдык жана үй комитеттердин төрагалары, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылсын.
10. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн Элдик Курултайын уюштуруу иштери, Элдик Курултайдын кароосуна сунушталуучу маселелерди даярдоо шаардын мэриясына жүктөлсүн.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин аппарат жетекчиси Р. Абдукаюмовго жүктөлсүн.
Төрага | У. Дарипова |
| Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2017-жылдын 30-майындагы № 7/21 токтомуна №1 тиркеме |
Топчубаев Э.А. – Штабтын башчысы, Кызыл-Кыя шаарынын мэри.
Мүчөлөрү:
Гапаров А.М. – Кызыл-Кыя шаарынын 1-вице-мэри;
Рахматулаев Ж.М. – Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри;
Султанов Ж. – Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты;
Маткалыков А.Ж. – Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты;
Калматов Ж.С. – Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты;
Жамалдинов А.И. – Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты;
Абдуллаев А.Г. – Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты;
Ащирбаев А.А – Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы;
Кожониязов М.Ш. – Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби;
Кыпчаков Н.А. – Кызыл-Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу;
Абдукаюмов Р. – Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси;
Муратова М. – Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси;
Турдуматов К. – “Первомайский”административдик аймактык округунун башчысы;
Кудайкулов П. – “Январский административдик аймактык округунун башчысы;
Топчубаев У. – “Микрорайон” административдик аймактык округунун башчысы;
Вольская В.И. – Шаардагы массалык маалымат каражатынын өкүлү.
Жетекчиси: | Р. Абдукаюмов |