КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30- майы № 7/22
Кызыл-Кыя шаарындагы И. Жусубалиев көчөсүндөгү жаңы бүткөрүлгөн ден соолукту чыңдоо комплексине кошумча 2 штаттык бирдик бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017–жылдын 12–апрелиндеги чечимин эске алып, Кыргыз Республикасындагы «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсу тарабынан «Газпром балдарга» долбоорунун алкагында Кызыл–Кыя шаарынын И.Жусубалиев көчөсүндө курулуп бүткөрүлүп пайдаланууга берилип иштеп жаткан спорт жана ден-соолукту чыңдоо комплексинин толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл–Кыя шаарындагы ден-соолукту чыңдоо комплексинин штатына шаардын жергиликтүү бюджетинен кошумча төмөнкү кенже тейлөөчү кызматкерлердин штаттык бирдиктери бөлүнүп берилсин:
1). Сторож (кароолчу) – 1 бирдик.
2). Техничка – 1 бирдик.
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кызыл–Кыя башкармалыгынын башчысы И.Жолдошовго Кызыл–Кыя шаарындагы ден-соолукту чыңдоо комплексинин штатына кошумча бөлүнүп берилген кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акыларын шаардын жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |