Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30- майы № 7/24
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кызыл-Кыя шаарындагы Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматында кызмат өтөп келе жаткан аскер кызматкерлерине турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын Кызыл–Кыя шаарындагы отрядында кызмат өтөп келе жаткан аскер кызматкерлерине турмуш тиричилик жактан шарт түзүү максатында, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 7-мартындагы №4 чечимин, Кызыл–Кыя шаарындагы Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын 2017-жылдын 23-январындагы №34 жана №58 кайрылуу каттарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кызыл–Кыя шаарындагы Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматында кызмат өтөп келе жаткан аскер кызматкерлерине көп кабаттуу турак жай куруу үчүн Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчигиндеги А.Султанов (Юбилейная) көчөсүндө жайгашкан 0,3 га жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тапшырылсын Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кызыл–Кыя шаарындагы Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматында кызмат өтөп келе жаткан аскер кызматкерлерине көп кабаттуу турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүү жагы.
3. Милдеттендирилсин Кызыл–Кыя шаар куруу жана архитектура башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кызыл–Кыя шаарындагы Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматында кызмат өтөп келе жаткан аскер кызматкерлерине турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кызыл–Кыя шаарындагы Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматында кызмат өтөп келе жаткан аскер кызматкерлерине курулган көп кабаттуу үйдөн 2 батирди келишимдик негизде, Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунда иштеген кызматкерлерге бөлүнүп берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |