Редакцияот 30.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 30- майы № 7/25

Кызыл–Кыя шаарына караштуу “Караван” аймактык башкармалыгынын 2016–жылда жүргүзгөн иштери жана 2017–жылдын түшүмү үчүн жүргүзүлүп жаткан жазгы–талаа иштеринин абалы жөнүндө

     Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017–жылдын 28–апрелиндеги №4 чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл–Кыя шаарына караштуу «Караван» аймактык башкармалыгынын 2016–жылда жүргүзгөн иштери жана 2017–жылдын түшүмү үчүн жүргүзүлүп жаткан жазгы–талаа иштеринин абалы жөнүндө аймактык башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу Н.Кыпчаковдун маалыматы эске алынсын.

2. Кызыл–Кыя шаарына караштуу «Караван» аймактык башкармалыгынын 2017–жылдын түшүмү үчүн жүргүзүлүп жаткан жазгы–талаа иштеринде орун алган кемчиликтерди четтетүү боюнча тез арада тийиштүү чараларды көрүү жагы аймактык башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу Н.Кыпчаковго милдеттедирилсин.

3. Кызыл–Кыя шаарына караштуу «Караван» аймактык башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Н.Кыпчаковго милдеттендирилсин:

кайра бөлүштүрүү жер фондусун пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, ижара акылардын толук жана өз убагында түшүүсүн камсыз кылуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү жагы;

айыл чарба эгиндеринин, өсүмдүктөрүнүн 2017–жылга белгиленген түшүмдөрүн өндүрүү үчүн дыйкандарды техника, сугат суу, минералдык жана органикалык жер семирткичтер менен өз убагында камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча иштерди жүргүзүү жагы;

аймактык башкармалыктын аймагында иштетилбей бош жаткан үлүш сугат жерлерди, алардын иштетилбей жаткан себептерин тез арада аныктап, үлүш ээлеринин макулдугу менен жер иштетүүнү каалаган шаардын тургундарына сунуштоо жагы;

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016–жылдын 17–мартындагы №107–буйругуна негиз, машина–трактордук станцияларды ачуу жана айыл чарба кооперативдерин түзүү багытында иштерди алып баруу жагы.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

У. Дарипова