Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышындагы III сессиясы
2017-жылдын 12-майы № 18
Садыр аке айыл аймагынын Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жумуш акыларын бекитүү жөнүндө
Садыр аке айыл аймагынын Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жумуш акыларын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Садыр аке айылдык Кеңешинин ХХVII–чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садыр аке айыл аймагынын Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жумуш акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:
Айыл тургундарынан таза сууга-ар бир адамдан бир айга -15 сом.
Коомдук тамактануу жайлардан (кафе), чач-тарач, коомдук мончо, ар бир мекеме ишкана менчигине карабастан -бир айга 200 сом.
Үйгө суу киргизүүгө уруксаат алуу-1600 сом
Ташташтанды ташып чыгаруу-50 сом
Коомдук мончолордун септиги жок, саркынды суу арыктарга куюлуп жатса- айып (штраф)-2000 сом
Таза сууну максатсыз пайдаланса-айып (штраф)-2000 сом
Таштандыны арыктарга ыргытуу- айып-2000 сом.
Көчөгө малдын кыгын (навоз) төккөндөргө-айып 2000 сом.
Көчөгө, арыктын жээктерине мал сою-айып -2000 сом
2. Базарга кирген малдын баасы төмөндөгүдөй бекитилсин:
Ийри мүйүздүү мал-20 сом
Жылкы-20 сом
Майда мүйүздүү мал-10 сом
Жашылча, картошка-30 сом
Унаа-10 сом.
3. Облустук Юстиция башкармалыгынан ушул токтомду Мамлекеттик реестрге киргизип берүү жагы суралсын
4. Бул токтомдун аткарылышы Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо-тиричиликти камсыздоо тутумунун жетекчиси А.Эсеналиевге жана эсепчиси У.Сартовага милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Кадыркулов |