Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышындагы III сессиясы
2017-жылдын 12-майы № 15
«Ихсан-Хайрия» коомдук кайрымдуулук фондусунун карамагындагы «Аль-Бухари» атындагы жетим балдар үйүнүн жетекчиси Г.О.Урмоновдун арызын кароо жөнүндө
«Аль-Бухари» атындагы жетим балдар үйүнүн 3646 м/2 жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө арызын карап жана талкуулап Эл депутаттарынын Садыр аке айылдык Кеңешинин ХХVII–чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ихсан-Хайрия» коомдук кайрымдуулук фондусунун карамагындагы «Аль-Бухари» атындагы жетим балдар үйүнүн жетекчиси Г.О.Урмоновдун арызы эске алынсын
2. 2009-жылдын 9-апрелиндеги Григорьевка айыл өкмөтү менен «Ихсан-Хайрия» коомдук кайрымдуулук фондусунун ортосунда түзүлгөн келишимге кошумча «Ихсан Хайрия» коомдук фондусу менен Садыр аке айыл өкмөтү ортосунда, айыл аймакка материалдык жардам берүү боюнча келишим түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Э.Аруновго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Кадыркулов |