Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышындагы III сессиясы
2017-жылдын 12-майы № 6
Садыр аке айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек маянасына кошумча акча-каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын бугу айынын 30дагы №75 « Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынынын 31беренесинин 6 пунктуна ылайык, айыл Өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Н.Сыдыкованын айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Садыр аке айылдык Кенеши токтом кылат:
1.Садыр аке айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинен электр энергияга болгон төлөмдөрдүн кымбаттагандыгына байланыштуу, социалдык жактан колдоо максатында кызмат акыларына кошумча 15 % пайыз өлчөмүндө акча-каражаты кошулсун.
2.Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Б.Аруновко жана ФЭБнун башчысы Н.Сыдыковага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Кадыркулов |