Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз III -сессиясы
2017-жылдын 10-февралы № 3/1
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу мыйзамынын 4 главасынын 32-беренесине жанаСемиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 5 главасынын 1-пунктуна ылайык ,Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынан тɵмɵндɵгүдɵй туруктуу комиссияларынан түзүлсүн .
Мандат, депутаттык иш, этика, мыйзамдуулукту, коомдук тартипти сактоо, адамдардын укугун коргоо боюнча
Экономика,финансы,бюджет жана орто бизнести ɵнүктүрүү,айыл чарба, жер реформасы,байланыш,айлана чɵйрɵнү коргоо боюнча
Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, курулуш турак жай,муниципалдык менчик боюнча
II.1. Мандат, депутаттык иш, этика, мыйзамдуулукту, коомдук тартипти сактоо, адамдардын укугун коргоо боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
Жаманов Чолпонбек №2 Семиз-Бел шайлоо округунан комиссиянын тɵрагасы
Токонсартов Темирлан- №1 Арсы шайлоо округунан, мүчɵсү
Эгинбаев Эрлан-№4 Кара-Тоо шайлоо округунан , мүчɵсү
II.2 Экономика,финансы, бюджет жана орто бизнести ɵнүктүрүү,айыл чарба, жер реформасы, байланыш, айлана чɵйрɵнү коргоо боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
Ашырбеков Байтемир-№4 Кара-Тоо шайлоо окрунунан,комиссиянын тɵрагасы
Дыйканов Талгар-№3 Чекилдек шайлоо окуругунан,мүчɵсү
Кадыбаев Нурлан-№4 Кара-Тоо шайлоо окуругунан, мүчɵсү
III.3.Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, курулуш турак жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
Илиязов Талгар-№4 Кара-Тоо шайлоо округунан, комиссиянын тɵрагасы
Орозобек у. Улан-№2 Семиз-Бел шайлоо округунан, мүчɵсү
IV.Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айылдык Кеңештин тɵрагасына тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |