СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз V -сессиясы
2017-жылдын 10-февралы № 5/5
Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт Комитетинин 2017-жылга карата иш планын бекитүү жѳнүндѳ
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Мыйзамынын 4-беренесинин жана «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы Ч.Алжанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин 2017-жылга карата түзүлгѳн иш планы бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдагы иш графигине ылайык бекитилсин.
3. Бекитилген иш пландын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Базаркулов |