Редакцияот 291770
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз V -сессиясы

 

2017-жылдын 10-февралы № 5/6

Жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну башкаруу жɵнүндɵ

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамынын 4- беренесине ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылдык Кеңешинин V-сессиясынын отуруму жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары ѳткѳрүлүп берилсин.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын кѳп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун экинчси бѳлүгүндѳ кѳрсѳтүлгѳн пландар ѳз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнѳ ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе ,анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса ѳткѳрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынаары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы-Жайыт комитетине эскертилсин.

4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчѳлорүнѳ,жайыт пайдалануучуларга,жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына,жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий ѳкүлчүлүктѳрүнѳ Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык толугу менен тийитүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдеттүү.

5. Жайыт комитетине жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды ѳз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо,макулдашууда,бекитүүдѳ жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай кѳрсѳтүлуп туруусу белгиленсин.

6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын тейлѳѳ Семиз-Бел айыл аймагынын башчысы Б.Акишовго жүктѳлсүн.

 

Төрага

Р.Базаркулов