Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз V -сессиясы
2017-жылдын 14-марты № 5/7
« Семиз-Бел айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун бекитүү жөнүндө»
Жер Кодексинин 13-беренесинин 3-пунктуна ылайык, 2016 жылдын 14-сентябрындагы №124 буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топ, «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Семиз-Бел айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча материалдарын карап чыгып, Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык Семиз-Бел айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо, Семиз-Бел, Чекилдек жана Арсы калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары жактырылсын.
2. Семиз-Бел айылдык аймагынын Кара-Тоо, Семиз-Бел, Чекилдек жана Арсы калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институнун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдарын бекитип берүү жагы Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Базаркулов |