Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз V -сессиясы
2017-жылдын 14-марты № 5/8
Кара-Тоо айылынын Жаңы конуш участкасынын кɵчɵлɵрүнɵ ат коюу жөнүндө
Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу Кара-Тоо айылынын жаны конуш участогуна №1-2-3 кварталына.1-кварталга «Береке», 2-кварталга «Достук», 3-кварталга «Стадион», ХЭУ кɵчɵсүнɵ «Чолпон», Ветстанциянын айланасына «Вет шаарча» деген ысымдарды берүү жɵнүндɵ үчүн кɵчɵнүн тургандарынын жалпы чогулушунун протоколу менен таанышып жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мындан ары жогорудагы кɵрсɵтүлгɵн ысымдар тиешелүү кɵчɵлɵргɵ берилсин жана коюлган аттар менен аталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Төрага | Р.Базаркулов |