Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз VII -сессиясы
2017-жылдын 15-майы № 7/1
Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн аймагындагы кɵрктɵндүрүү-жашылдандыруу иштеринин жүрүшү жөнүндө
Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн аймагындагы кɵрктɵндүрүү-жашылдандыруу боюнча жалпы отургузулган кɵчɵттɵрү 373 анын ичинен ийне жалбырактуусу 10 түп дарак. Санитардык тазалоо боюнча 107 тонна таштандылар чыгарылды, 15 км арык каналдар тазаланды,жалпы ишембиликке 21 уюм жана 787 адам катышты, айыл тургундары менен бирдикте ишембилик ɵткɵргɵндүгү жɵнүндɵ айыл ɵкмɵтүнүн башкы адиси Э.Токоеванын маалыматын угуп жана талкуулап айылдык Кенеш ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн аймагындагы кɵрктɵндүрүү-жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн аймагындагы мектеп, китепкана, бала бакчага, клубдарга тигилген кɵчɵттɵрдү багып ɵстүрүү мектеп, клуб, китепкана башчыларына милдеттендирилсин.
3. Айылдарда айлана-тегерегин ирээтке келтирүү, кɵчɵдɵ тɵгүлгɵн таштандыларды чыгаруу менен атайын таштанды тɵгүлүүчү жайларга тɵктүрүү, штакетниктерди оңдоо, сырдоо, арыктарды кеңейтип казуу жагын уюштуруу айыл башчыларына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |