Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз IХ -сессиясы
2017-жылдын 11-июлу № 9/1
Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн Чекилдек айылындагы бала бакчасына керектүү материалдарды алууга акча каражатын бɵлүп берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Чекилдек айылындагы бала бакчасына керектүү материалдарды алууга акча каражатын бɵлүп берүү боюнча ФЭБ башчысы А.Касымованын маалыматын угуп, талкуулап айылдык Кенеш ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чекилдек айылынын бала бакчасына керектүү материалдарды алууга айыл ɵкмɵтүнүн Долбоорлордогу бош калган акча каражатынан 268100 (эки жүз алтымыш сегиз миң бир жүз) сом бɵлүнүп берилсин.
2. Бɵлүнгɵн акча каражатын которуп берүү ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы туруктуу комиссияга жүктɵлсүн.
Төрага | Р.Базаркулов |