Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз IХ -сессиясы
2017-жылдын 11-июлу № 9/2
Семиз-Бел айылынын тургундарынын 24-апрель 2017-жылдагы элдик чогулушунун токтомун бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Семиз-Бел айылынын «Кулаган ак таш» участкасынын «Чычканчы» участкасынан №248.3 контурундагы запастагы 1(бир) га асылдуулугу тɵмɵн таштак жерин катуу турмуш тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн полигон катары Кочкор айыл ɵкмɵтүнүн пайдалануусуна берүү жɵнүндɵгү Семиз-Бел айылынын тургундарынын элдик чогулушунун протоколу менен таанышып ,талкуулап айылдык Кенеш ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айылынын жалпы элдик чогулушунун 24- апрель 2017- жылдаггы протоколунун токтому бекитилсин жана Семиз-Бел айылынын Кулаган ак таш» участкасынын «Чычканчы» участкасындагы №248.3 контурунан 1(бир) га запастагы асылдуулугу тɵмɵн таштак жерин Кочкор айыл ɵкмɵтүнɵ катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн полигон катары пайдаланууга 1 (бир ) жылдык мɵɵнɵт менен берилсин.
2. Семиз-Бел айылынын « Кулаган ак таш» участкасынын «Чычканчы» участкасынан 1(бир) га жерге катуу турмуш тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн эки тараптуу келишим түзүлсүн.
3. Келишимдин негизинде пайдаланууга берилген жер участкасынан түшкɵн каражаттарды Семиз-Бел айылынын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалсын жана түшкɵн каражаттарды ɵз убагында которуп берүү жагы айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |