Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-августу № 27-16/1
Каракол шаарынын мэринин 2016-жылдын жана 2017-жылдын 6 айына карата отчету жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2016-жылдын жана 2017-жылдын 6 айына карата отчетун угуп жана талкуулап, Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын эскертүүлөрүн, сунуштарын эске алуу менен, Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2016-жылдын жана 2017-жылдын 6 айына карата отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |