Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-августу № 27-16/2
№9 жалпы билим берүүчү орто мектебинин долбоорун кошумча каржылашуугу акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 28-июнундагы, №01-7/327 катын карап жана талкуулап, экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясына, 771 000 (жети жүз жетимиш бир миң) сом акча каражатын, №9 жалпы билим берүүчү орто мектебине эмеректерди сатып алуу жана 1-4-класстагы окуучуларына, ысык тамакты уюштуруп берүү долбоорун кошумча каржылашуу үчүн, 2016-2017-жж. жылытуу мезгилиндеги, Каракол шаарынын орто мектептеринин жылытуу-энергиясына каралган бюджеттик ассигнованиелеринен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен бөлүп берсин.
2. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |