Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-августу № 27-16/3
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын айлык акыларына кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясынын башкы бухгалтеринин м.а. М.Б.Джумадылованын, 2017-жылдын 10-июлундагы, №01-7/357 катын карап жана талкуулап, экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппарат кызматкерлеринин айлык акыларына, 2016-2017-жж. жылытуу мезгилиндеги, Каракол шаарынын орто мектептеринин жылытуу-энергиясына каралган бюджеттик ассигнованиелеринен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен, кошумча 162 124 (жүз алтымыш эки миң жүз жыйырма төрт) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин.
2. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |