Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-августу № 27-16/4
Каракол шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнө кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туризм, спорт, жаштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.О.Сабатаровдун, 2017-жылдын 11-июлундагы, кир. №01-7/370 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туризм, спорт, жаштар маселелери жана экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссияларынын корутундуларын жана Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнө, 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, 2016-2017-жж. жылытуу мезгилиндеги, Каракол шаарынын орто мектептеринин жылытуу-энергиясына каралган бюджеттик ассигнованиелеринен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен, бөлүп берсин.
2. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова), туризм, спорт, жаштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Б.О.Сабатаров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |