Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-августу № 27-16/5
Каракол шаарынын мэриясына "1-С бухгалтерия" программасын орнотууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын вице-мэринин м.а. А.К.Джумабекованын, 2017-жылдын 11-июлундагы, №01-7/362 катын карап жана талкуулап, экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясына, "1-С бухгалтерия" программасын орнотууга, 73 000 (жетимиш үч миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, 2016-2017-жж. жылытуу мезгилиндеги, Каракол шаарынын орто мектептеринин жылытуу-энергиясына каралган бюджеттик ассигнованиелеринен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен, бөлүп берсин.
2. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |