Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-августу № 27-16/6
2225 беренесинен 2215 беренесине акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 11-июлундагы, №01-7/363 катын карап жана талкуулап, экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын, XVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), кароолчуларга (диспетчерлер) каралган, 171 900 (жүз жетимиш бир миң тогуз жүз) сом акча каражатын, 2225 беренесинен, 2215 беренесине жылдырууну жүргүзсүн.
Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Токтом ММКларда жарыялансын.
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |