Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-августу № 27-16/7
Фрунзе атн.көчөсү, (номерсиз) дарегине, мечит курууга уруксаат берүү жөнүндө
Каракол шаардык мэриясынын ММБДсинин башчысы К.Т.Кожобаевдин, 2017-жылдын, 11-июлундагы кир.№01-7/373 катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын тургуну Б.С.Коноевге, Ысык-Көл областынын казыяты жана кошуналары берген макулдуктардын негизинде, Фрунзе атн.көчө, номери жок, даректе жайгашкан, ага тиешелүү жер тилкесине, мечит курууга макулдук берилсин.
2. Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана жерди пайдалануу Эрежелеринин: Ж-2б зонасынын: коомдук угуулар аркылуу, атайы макулдукту алууну талап кылган, Эрежелердин 8,17 беренелерине ылайык: - диний муктаждыктарды өткөрүү үчүн, аянты 10 - сотыхты түзгөн, Фрунзе атн.көчө, номерсиз, дарегинде жайгашкан жер тилкесинде деген толуктоо киргизилсин.
3. Демилгелүү топ, мечит жайгаша турган кварталды абаттоо, жашылдандыруу, жарыктандыруу боюнча алган милдеттемелерин өз убагында аткарсын.
4. Ысык-Көл областынын регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
- Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин;
-бул токтомду аткарууда, көрсөтүлгөн объектти максатту пайдалануу жагын кыйшаюусуз камсыз кылсын;
Куруучу, КЧжЭге ылайык, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерин сактасын.
5. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |