Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08-августу № 27-16/8
Р-4 жана Ж-2б зоналарынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовдун, 2017-жылдын 12-июлундагы, кир.№01-7/387, "алтын фонддун" жер тилкелерин Р-4 зонасынан, башкага которуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ысык-Көл регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, 2017-жылдын 5-июлундагы, кир.№01-7/341 сунушун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Р-4 (рекреациондуу-ландшафтык аймактар зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине: Каракол шаарынын, Масалиев-Ипподромная көчөлөрү тарабындагы, аянты 14га болгон жер тилкесин; Каракол шаарынын, Элебаев-Карасаев атн. көчөлөрү тарабындагы, аянты 12га болгон жер тилкесин; Каракол шаарынын, Карасаев көчөсү тарабындагы, аянты 30 га жер тилкесин, Ж-5 (көп кабаттуу турак үйлөр зонасы) зонасына, келечектеги деталдуу курулуш жүргүзүү долбоорлору үчүн которулсун.
2. Каракол шаарындагы христиандар бейити жайгашкан аймакта, "Төштүк" ТТС жанындагы жер тилкесин, Ж-2б зонасынан, К-1 (коммуналдык жана транспорттук ишканалар, капиталдык гараждар жана автоунаалар токтотуучу жайлар зонасы) зонасына которулсун.
3. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
4. -Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин;
- бул токтомдо, көрсөтүлгөн объектти, максатту пайдалануу жагын, кыйшаюусуз аткаруусун камсыз кылсын.
5. Каракол шаарынын мэриясы, бул токтомдун 1 пунктунда белгиленген, жер тилкелерин, алар которулгандан кийин, пайдаланышын,Каракол шаардык депутаттар Кеңеши менен, милдеттүү түрдө макулдашсын.
6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Токтом ММКларда жарыялансын.
8. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн
Төрага | Э.Айсаракунов |