Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-августу № 27-16/9
А.Жангорозова атн.жаңы конуштун бир көчөсүнө Жеңишбек Бекболотовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Каракол шаарынын №4 МАКӨБнүн башчысы Д.Усуповдун, 2017-жылдын 6-майындагы, кир.№01-9/50 катын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Жангорозова атн.жаңы конуштун бир көчөсүнө Жеңишбек Бекболотовдун ысымы ыйгарылсын (картага ылайык).
2. Демилгелүү топ, бир айлык мөөнөттүн ичинде, Ж.Бекболотов атн.көчөсүнүн бурчундагы үйлөрүнө, көчөнүн аты жазылган табличкаларды даярдап, таксын.
3. Демилгелүү топ, Ж.Бекболотов атн. көчөнү абаттоого, жашылдандырууга, "Каракол шаарынын аймагындагы аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды локалдуу жана транспорттук объектилерди атоо тартиби жөнүндөгү" Жобого ылайык, мүмкүн болушунча жардам беришсин.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов), Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жана №4 МАКӨБ башчысы Д.Усуповго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |