Редакцияот 08.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 08- августу № 27-16/12

КМЖАнын жетекчисин бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 1-июнундагы, кир.№01-7/406 катын карап жана талкуулап, унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин, 3-пунктунун, 4-подпунктунун негизинде, Алиев Марс Ажыбековичти, Каракол муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасынын директорлугуна бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтом ММКларда жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетовго) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Айсаракунов