Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08- августу № 27-16/13
ВЛ-10 түркүктөрүн жылдыруу үчүн, №15 орто мектебине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 1-июнундагы, кир.№01-7/408 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), №15 орто мектебинин ВЛ-10 жогорку чыңалуудагы темир бетон түркүктөрүн жылдыруу үчүн, 53 150 (элүү үч миң жүз элүү) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, 2016-2017-жж. жылытуу мезгилиндеги, Каракол шаарынын орто мектептеринин жылытуу-энергиясына каралган бюджеттик ассигнованиелеринен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен, бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |