Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08- августу № 27-16/14
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовдун, 2017-жылдын 4-августундагы, кир.№01-7/414 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын 2017-жылга карата бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизсин жана 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнсүн:
ЖЧМИ – 1 215 000 (бир миллион эки жүз он беш миң) сом;
КСТжЖЧКК – 3 985 000 (үч миллион тогуз жүз сексен беш миң) сом;
КМЖА – 2 400 000 (эки миллион төрт жүз миң) сом;
Каракол шаарынын мэриясынын ММБД – 2 400 000 (эки миллион төрт жүз миң) сом.
2. ЖЧМИ, КСТжЖЧКК, КМЖА, Каракол шаарынын мэриясынын ММБД жетекчилери, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык, бөлүнүп берилген акча каражаттарын иштетсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |